• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 222 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 222 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 102, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 27, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда - 12, Ысык-Көл облусунда – 23, Жалал-Абад облусунда – 25, Баткен облусунда 14 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 39 миң 648ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий