• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустун жайылып кетүү коркунучу дагы деле бар – Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Өлкөдө коронавирустун жайылып кетүү коркунучу дагы деле бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Күнүнө ооруга чалдыккан 10-20 адам аныкталып жатат. Алар үй карантининде жана обсервацияда жаткандардан чыгып жатат. Ал эми ошонун арасында белгилери жок, башкача айтканда өзүнүн ооруганын, кайсы жерден жуктурганын билбеген 1-3 адам чыгууда. Айрымдары аны билсе дагы жашырып, өзүн өзү дарылагандар бар. Ага байланыштуу штабдын чечими менен атайын мобилдик топтор түзүлгөн. Бүгүнкү күндө эл жашаган 114 аймакта коронавирустун очогу бар деп аныкталды. Мобилдик топтор ал жерлерде жашаган биздин жарандар арасында сурамжылоо жүргүзүп, күмөн жарала турган болсо дене табын текшерип, зарыл учурда экспресс анализ алып, анын жыйынтыгына жараша андан кийин иштерди аткаруу боюнча жумуш алып барууда. Ал иштердин жыйынтыгында кээ бир аймактарда ооруну жуктуруп алган, кимден жуктурганын билбеген жарандар чыгууда. Буга байланыштуу кооптуу деп эсептелген жерлерде өзгөчө абал режимин узартуу сунушун киргиздик", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилген.

Ошол эле учурда Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылса, калган аймактарда өзгөчө абал тартиби алынууда.

Өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Кыргызстанда 29-апрелге карата коронавирус жуктурган 21 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 729ду түзөт. Алардын ичинен 437 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий