• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги сейил бакта отургучтар, тосмолор сырдалды

Коом 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Бишкектеги "Ынтымак- 2" сейил багында отургучтарды жана таштанды челектерин оңдоп, сырдап жатышат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда сейил бакта 100 отургуч, амфитеатрдагы 330 погон метр отургучтар, 24 погон метр тосмолор сырдалып, оңдолду. Ошондой эле плиталар жана фарфор таштан жасалган полдор оңдолду.

Белгилей кетсек, буга чейин "Бишкекжарык" ишканасынын кызматкерлери сырткы жарыктандырууларды орнотуу жана тирөөч мамыларды сырдоо иштерин жүргүзүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий