• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги ЖККУ саммитин 135 чет өлкөлүк жана 130 жергиликтүү журналист чагылдырууда

Коом 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык Коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отуруму өтүүдө. Бул иш-чараны 135 чет өлкөлүк жана 130 жергиликтүү журналист чагылдырууда.

Иш-чараны чагылдыруу үчүн Россия, Беларусь, Армения, Казакстан жана Тажикстандын 43 ЖМКсынан 135 журналист жана Кыргызстандын 34 ЖМКсынан 130 журналист аккредитациядан өткөн.

ЖМК өкүлдөрү үчүн басма сөз борбору уюштурулган.

Саммиттин жүрүшү "Ала-Тоо 24" каналында түз алып көрсөтүлүүдө.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Армения Премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышууда.

Белгилей кетсек, бүгүнкү ЖККУ саммитин өткөрүү менен Кыргызстан уюмдагы төрагалык мезгилин жыйынтыктайт.

Пикир

Оставить комментарий