• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекти өнүктүрүү агенттиги менен Жогорку технологиялар паркы меморандумга кол койду

Коом 0

Бишкек, 03.07.23./Кабар/. Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги менен Жогорку технологиялар паркы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку технологиялар паркынын директору Азиз Абакиров күн мурун шаарды өнүктүрүү агенттигинин жетекчилигин парктын дирекциясынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, презентациясы өткөрдү.

Презентацияда өнүгүү программалары, иштин натыйжалары, иш-чаралардын түрлөрү, анын ичинде IT-билим берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча маалыматтар чагылдырылды.

Андан соң, жыйындын катышуучулары Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Белгилей кетсек, меморандумга кол коюунун максаты - Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана узак мөөнөттүү, натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий