• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Анарбек Ишенбаев күрөш боюнча Азия жана Океания чемпионатында алтын тагынды

Спорт 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы спорттук мектептин тарбиялануучусу Анарбек Ишенбаев күрөш боюнча Азия жана Океания чемпионатында алтын байгеге ээ болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эл аралык мелдеш ушул жылдын 2-декабрынан 6-декабрына чейин Бейрут шаарында (Ливан) өттү.

Ал өспүрүмдөр арасында 90 кг салмакта күч сынашкан. Жалпысынан 12 өлкөдөн 126 спортчу катышты.

Анарбек Ишенбаев Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын АБӨРСМнин спорттук күрөш боюнча тарбиялануучусу.

Борбор калаанын мэриясы спортчуну жеңиши менен куттуктап, албан ийгиликтерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий