• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин айрым райондорунда 25-июлдан 27-июлга чейин газ өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 23.07.22. /Кабар/. Бишкектин айрым райондорунда 25-июлдан 27-июлга чейин газ өчүрүлөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көгүлтүр от газ куурун жер алдынан өткөрүү жана оңдолгон газ түтүктөрүн кайрадан жаткыруу иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Өчүрүү аймагы Суванбердиев – Скрябин – Шүкүров – Белорусская көчөлөрү менен чектелген. Жалпысынан 35 абоненттин газы өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий