• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин айрым райондорунда 9-13-мартта газ берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында төрт күнгө газ өчүрүлөт, - деп маалымдайт "Газпром Кыргызстан" ишканасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, авариялык-оңдоо иштерине байланыштуу 9-13-март күндөрү Бишкек шаарынын төмөнкү райондорунда жаратылыш газы убактылуу жок болот:

9-марттан 13-мартка чейин - Красный Строитель конушунда;

9-марттан 13-мартка чейин А.Жаманбаев, Гагарин, Островский көчөлөрүнүн, Островский, Бакаев, Алтымышев тар көчөлөрүнүн, Мир проспектисинин, Минин, Ала-Арча районунун, Табалдиев көчөсүнүн кесилишкен аймагында.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий