• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин борборунда жигит бычактан жараат алды

Кырсык 0


Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Бишкектин борборунда жигит бычактан жараат алды.

Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 28-июнда саат 19:00дөр чамасында РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Red Center соода борборунун жанынан адам бычакталганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине келген ыкчам-тергөө тобу 2000-жылы туулган А.К. аттуу жигит белгисиз адам менен уруша кетип, сол санына бычак жегендиги аныкталган.

Аталган факт Свердлов РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

А.К. ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк арыз берүүдөн баш тарткан. Тергөө иштери уланууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий