• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин борборундагы сокку ченегичтер алынды

Коом 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан “Ала-Тоо” аянтынын аймагындагы сокку ченегичтер алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал жердеги сокку ченегичтер мыйзамсыз орнотулган. Бул иштерди мэриянын Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы, “Тазалык” ишканасы жана Биринчи май районунун администрациясы жүргүзгөн.

Белгилей кетсек, аталган сокку ченегичтер "Ала-Тоо" кинотеатрынын аймагында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий