• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин үч көчөсүндө жол чырактар жаңыланат

Коом 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Бишкектин үч көчөсүндө жол чырактар жаңыланат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер шаардын борбордук көчөлөрүндө инновациялык системаларды киргизүү максатында пилоттук долбоорлордун негизинде жүргүзүлүудө.

Ошентип, төмөнкү көчөлөрдө жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын киргизүү, светофордук объекттерди модернизациялоо, светофордук жана жол таянычтарын реконструкциялоо пландаштырылууда:

- Аалы Токомбаев көчөсү Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов-Байтик Баатыр көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинен Аалы Токомбаев көчөсүнө чейин.

Пикир

Оставить комментарий