• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин чок ортосунда троллейбус линиясы үзүлдү (видео, сүрөт)

Коом 0


Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Бишкектин чок ортосунда, тактап айтканда, Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишине троллейбус линиясы үзүлдү. Бул тууралу "Кабар" агенттигине "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда оңдоо иштери жүрүп жатат.

"Троллейбус линиясын ким үзүп кеткендиги такталууда. Алдын ала маалыматка караганда, бизге тиешеси жок эвакуатор үзүп кеткен. Кызматкерлер жеринде иштеп жатат", - дешип, ишканадан шаар тургундарынан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурашты.

Пикир

Оставить комментарий