• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин кайсы көчөлөрүндө чуңкурларды жамоо иштери жүрүп жатат?

Коом 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Бишкек мэриясынан шаардагы кайсы көчөлөрдө жамоо иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу айтып беришти.

Учурда "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын кызматкерлери Дэн Сяопин проспектиси боюнча Месароша көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектиси боюнча Фучик көчөсүнөн Павлов көчөсүнө чейинки жол кемчиликтерин жоюуда.

Ошондой эле ишкананын кызматкерлери Панфилов көчөсүндө Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, Шабдан Баатыр көчөсүндө 7-Апрель көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин иш алып барууда.

Мындан тышкары, Лев Толстой жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде жердин негизин бекемдөө менен чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин Дэн Сяопин проспектисинде Алыкулов көчөсүнөн Месароша көчөсүнө чейин, Чүй проспектисинде Манас проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин, Ахунбаев көчөсүндө Малдыбаев көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин, Байтик баатыр көчөсүндө Лев Толстой көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсүндө Лев Толстой көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, Эркиндик бульварында Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкелерде чуңкурларды жамоо иштери аяктаган.

Белгилей кетсек, аба ырайы ыңгайлуу болсо, аталган даректер боюнча чуңкурларды оңдоо иштери көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин бүткөрүлөт:

Свердлов району боюнча:
- Элебесов көчөсү ЧЧКдан Аул көчөсүнө чейин (30-март, 2024-жыл);
- Ж. Жолу проспектиси боюнча Т. Молдо көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (30-март, 2024-жыл);
- К. Датка көчөсү Чүй проспектисинен Ж. Жолу проспектисине чейин (3-апрель, 2024-жыл);
- Осмонкул көчөсү Чүй проспектисинен Ж. Жолу проспектисине чейин (4-апрель, 2024-жыл);
- Күрөңкеев көчөсү Т. Молдо көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин (5-апрель, 2024-жыл);
- Салиев көчөсү Осмонкул көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (6-апрель, 2024-жыл);
- Гоголь көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Ж.Жолу проспектисине чейин (7-апрель, 2024-жыл).

Ленин району боюнча:
- Л. Толстой көчөсү Т. Фрунзеден Манас проспектисине чейин (10-апрель, 2024-жыл);
- Киев көчөсү Бейшеналиев көчөсүнөн Манас проспектисине чейин (11-апрель, 2024-жыл);
- Москва көчөсү Интергельпо көчөсүнө Ж. Гвардия бульварына чейин (12-апрель, 2024-жыл);
- Фучик көчөсү боюнча Москва көчөсүнөн Бишкек шаарынын чегине чейин (14-апрель, 2024-жыл);
- Ж. Гвардия бульвары боюнча Л. Толстой көчөсүнөн Ж. Жолу проспектисине чейин (17-апрель, 2025-жыл);
- Садыгалиев көчөсү менен Дэн Сяопин проспектисинен өтмөккө чейин (18-апрель, 2024-жыл).

Октябрь району боюнча:
- Анкара көчөсү Ауэзов көчөсүнөн 7-апрелге чейин (19-апрель, 2024-жыл);
- Горький көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Б. Баатыр көчөсүнө чейин (22-апрель, 2024-жыл);
- Юнусалиев көчөсү Сухе-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин (23-апрель, 2024-жыл);
- Каралаев көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Куттубаев көчөсүнө чейин (24-апрель, 2024-жыл);
- Куттубаев көчөсү Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин (24-апрель, 2024-жыл);
- Токомбаев көчөсү Ш. Баатыр көчөсүнөн Манас проспектисине чейин (25-апрель, 2024-жыл);
- Медеров көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Б.Баатыр көчөсүнө чейин (26-апрель, 2024-жыл).

Биринчи май району боюнча:
- Горький көчөсү Б. Баатыр көчөсүнөн Манас проспектисине чейин (28-апрель, 2024-жыл);
- Л. Толстой көчөсү Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин (29-апрель, 2024-жыл);
- Киев көчөсү Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин (30-апрель, 2024-жыл);
- Медеров көчөсү Б. Баатыр көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин (30-апрель, 2024-жыл);
- Панфилов көчөсү Медеров көчөсүнөн Ж. Жолу проспектисине чейин (30-апрель, 2024-жыл);
- Т. Молдо көчөсү Москва көчөсүнөн Саадаев көчөсүнө чейин (30-апрель, 2024-жыл);
- М. Ганди көчөсү менен Ж.Жолу проспектисинен Маевкага чейин (30-апрель, 2024-жыл).

Пикир

Оставить комментарий