• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте коомдук транспорттун иши текшерилип, мыйзам бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорттун иши текшерүүгө алынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө пландалган чыгуу, кыймыл аралыгы жана коомдук транспорттун графиги, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин сакталышы текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында пландуу чыгуунун сакталбагандыгы, кыймылдын аралыгы аткарылбаганы аныкталып, күз-кыш мезгилине техникалык жактан даяр эместигинин фактылары да тастыкталды.

Тартип бузган айдоочуларга башкармалык тарабынан дисциплинардык чаралар көрүлүп, мыйзам бузууларды тез арада жоюу боюнча фирмаларга тиешелүү эскертүүлөр берилди. Ошондой эле жетекчилерге кыймылдуу составдын техникалык абалын жана айдоочулардын иш тартибин дайым текшерип туруу тапшырылды.

Мындай текшерүүлөр коомдук транспорттордун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында суук мезгилде тез-тез жүргүзүлүп турат.

Белгилей кетсек, рейдге Бишкек троллейбус башкармалыгынын, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын, Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын жетекчилери, кызматкерлери жана 31 жеке жүргүнчүлөрдү-ташуучу мекеменин жетекчилери тартылган.

Пикир

Оставить комментарий