• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу алмашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Маматалиев Калдарали Капарович Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу кызматынан бошотулуп, анын ордуна Айдарбеков Айбек Акматбекович Башкы консул болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.

Пикир

Оставить комментарий