• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин мэри катуу шамалдан жабыркаган объекттерди жана аймактарды кыдырды

Коом 0


Бишкек, 29.03.24./Кабар/. Бишкетин мэри Айбек Жунушалиев төрт райондун акимдери жана кызматтардын жетекчилери менен катуу шамалдан жабыркаган объектилерди жана аймактарды кыдырды.

Мэриядан билдиришкендей, жеринде шаардык кызматтарга кесепеттерди эртең мененкиге чейин тез арада жоюу тапшырмасы берилди.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттун штаттык режимде иштешин камсыздоо милдети тапшырылды.

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы тез аранын ичинде бардык үзүлгөн зымдарды калыбына келтирүүсү керек.

"Бишкекжашылкурулуш" ишканасы таң аткыча борбор калаанын жолдорундагы бардык кулаган бак-дарактарды жана бутактарды алып тазалайт.

“Тазалык” ишканасына катуу шамалдан кийин тазалоо талап кылынган аймактарда көчөлөрдү жууп, санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары, катуу шамалдын кесепетинен контейнердик аянттардагы бардык таштандыларды чыгаруу милдети коюлду.

Ошондой эле, социалдык объектилердин чатырларынын жабыркап кетүүсүнүн себептерин аныктоо тапшырмасы берилди. Мурда чатырын оңдоо иштери жүргүзүлгөн бардык объекттерге талдоо жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Айбек Жунушалиевдин буйругу менен борбор калаада өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий