• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Мен коркуп кеттим. Баламдан баш тартпайм", - баласын таштандыга ыргыткан кыз

Коом 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Ымыркайын таштанды челекке ыргыткан 21 жаштагы кыз КР Акыйкатчы институтунун кызматкерлери менен жолугушууда баласынан баш тартпай турганын айтты.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери баланын абалы тууралуу тиешелүү мамлекеттик кызматтардан маалымат алышкан.

Дарыгерлер берген маалыматка ылайык, бала шаардагы төрөт үйлөрүнүн биринде дарыланууда, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

Мындан тышкары, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери бул ишке шектүү А.С.ны милициялар кармаар замат 1-тергөө абагына барып, кармалган аялдын кармоо шарттары менен таанышкан. Бирок кызматкерлер барган учурда ал ооруканага операция жасатуу үчүн кеткени белгилүү болгон.

Ооруканага барган Институттун кызматкерлери аял менен маектешти.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева таштанды челектен табылган наристенин ишин жеке көзөмөлүнө алды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына таштанды челектен табылган ымыркай тууралуу маалымат жарыялангандан кийин Акыйкатчы институттун кызматкерлерине баланын укуктарын коргоону камсыздоо тапшырмасын берди.

"Ал өзүнүн версиясын айтып берди. Кыздын айтымында, баланы өзү эч кимдин көмөгү жок эле үйдөн төрөгөн. Кош бойлуу экенин ата-энесинен жашырып жүргөн. Анын айтымында, катуу коркуп жана стресс абалында баланы таштанды челекке таштап салган", - деп айтылат маалыматта.

Кылмыш жасоого шектүү аял баланын атасы ким экенин тууралуу маалыматты айтып берүүнү каалаган жок. Бирок баланын атасы ким экенин биле турганын айтты.

"Мен жөн гана коркуп кеттим. Өз баламдан баш тартпайм. Мен аны эч кимге бербейм. Мени ата-энем кечирди жана алар баламды багып алабыз деп жатышат”,-деген ал.

Бишкек шаардык сотунун чечими менен 14-ноябрда А. С. сыртка чыкпоо тил катынын негизинде үй камагына чыгарылды.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды баланын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий