• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин соода борборлорунда муктаж адамдарга кийим чогултуу үчүн кутулар орнотулат

Коом 0

Бишкек, 17.06.19. /Кабар/. Бишкектин соода борборлорунда муктаж адамдарга кийим-кечелерди чогултуу үчүн кутулар орнотулат. Бул тууралуу “Жетим балдардын укуктарын коргоо” коомдук фондунун жетекчиси Игорь Беляев билдирди.

Анын айтымында, мындай долбоор Кыргызстанда биринчи ирет жүрүүдө. Анын максаты оор турмушка кабылган адамдарга жардам көрсөтүү.

“Биз Бишкек, ошондой эле Кант жана Токмок шаарларындагы соода борборлорунун ар биринде кутуларды орнотууну пландаштыруудабыз. Жалпысынан 150 кутуга буйрутма бердик. Учурда 50сү дайындалууда. Алар ушул айдын аягында пайда болот”, - дейт ал.

Беляев кайдыгер эмес адамдарды бул кутулардын ичине таза жана эскирбеген жакшы кийим кечелерди салууга чакырды. Чогултулган кийим-кечелер складка түшүп, андан кийин даректер боюнча бөлүштүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий