• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Учкун кичирайону жарыктандырылды

Коом 0

Бишкек, 21.12.22./Кабар/. “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда ишкананын жамааты Учкун кичирайонундагы Чоң-Курчак жана Казан көчөлөрүндө тышкы жарыктандыруу иштерин жүргүзүүдө.

Энергетиктер 34 светодиоддук лампа, 29 темир мамы орнотушту, ошондой эле 800 метр электр кабелин тартышты.

Пикир

Оставить комментарий