• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кочкор районунда жаңы заманбап спорт комплекси пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 21.12.22./Кабар/. 18-декабрда Кочкор районунун Кара-Суу айылында заманбап спорт комплекси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулушка республикалык бюджеттен 37 млн 72 миң сом бөлүнүп, курулуш ишин "Монолит" ЖЧК жүргүздү.

Спорт комплексинин ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, Кочкор районунун акими Эрмекбай Омошев жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Акылбек Жапаров президент жаш муундун келечегине, спорт менен машыгып, жаман адаттардан алыс болуусуна кам көрүп, спорт тармагын өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи.

Жаңы ачылган спорт комплексинде баскетболдук-волейболдук аянтча, күрөш жана тренажердук залдар бар. Мындан тышкары, стол үстүндөгү теннис жана шахмат ойноочу залдар, жуунуучу жайлар, чечинип-кийине турган бөлмөлөр жайгашкан. Спорт комплекс күнүгө 120 спортчуну машыктырууга ылайыкташтырылып, бардык керектүү заманбап инвентарлар менен жабдылган.

Пикир

Оставить комментарий