• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Шүкүров көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 24-марттан тарта Шүкүров көчөсүндөгү көпүрөнүн курулуш жумуштары башталды.

Мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдиришкендей, көпүрө Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнө салынып, Медеров көчөсүнө чыгарылат. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду кошо эсептегенде анын туурасы 15 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, Шүкүров көчөсүндөгү көпүрө Жибек-Жолу проспектиси менен Иса Ахунбаев көчөсүн байланыштырууда (Сүйүмбаев жана Кара-Дарыя көчөлөрүн темир жол аркылуу) маанилүү түйүн болуп эсептелет..

Мындан тышкары, борбор калаада Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алар 7-Апрель, Жусуп Абдрахманов жана Чыңгыз Айтматов проспектилерине альтернативдик жол катары долбоорлонду.

Ага ылайык Ю.Фучик, А.Бакаев жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Л.Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Учурда аталган тилкелерде даярдык жумуштары башталды.

Эскерте кетсек, учурда шаардын түштүк жана түндүк тарабын түз байланыштырган үч чоң трасса бар (7-Апрель, Ж. Абдрахманов жана Манас).

Пикир

Оставить комментарий