• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча кеңешме өттү

Коом 0


Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча кеңешме өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, кеңешмеге жер-жерлердеги ЖКККБнын башчылары катышып, жол кырсыктарын алдын алуу жана өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарына бөгөт коюу маселелеси талкууланды.

Кеңешмеде ошондой эле өлкө аймагында жол кырсыктарын алдын алуу максатында өткөрүлгөн “Рулда”, “Жөө жүргүнчү” аталышындагы рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы каралып, жол кырсыктарынын өсүүсүнө жол бербөө боюнча тийиштүү иш-мерчемдерди иштеп чыгуу боюнча сунуштар айтылды.

Мындан тышкары, өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жалпы орто мектептер менен биргеликте иш алып баруу, мектептерге бекитилген кызматкерлердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө, жолдордогу кооптуу жол тилкелерин аныктап, тийиштүү жол белгилерин орнотуу боюнча сунуштарды ишке ашыруу тапшырмалары коюлду.

Кеңешменин соңунда өздүк курамга кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, ошондой эле эл арасында жол эрежелерин сактоого багытталган түшүндүрүү иштерин күчөтүү талаптары коюлду.

Пикир

Оставить комментарий