• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бизге сиздин колдооңуз керек! Штефан Таркович футбол сүйүүчүлөрүнө кайрылды

Спорт 0

Бишкек, 08.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучусу Штефан Таркович жалпы футбол сүйүүчүлөрүнө кайрылып, CAFA турнириндеги оюндарда "Ак шумкарларды" сүрөп турууга чакырды.

"Кыргызстандын улуттук курама командасынын бардык күйөрмандарына салам. Сиздерди CAFA Nations Cup беттештерине чакырам. Улуттук кураманын оюнчулары 10-июнда Афганистандын, 16-июнда Ирандын курамалары менен беттешет. Биздин команданы колдоп кетиңиздер! Бизге сиздин колдооңуз, добушуңуз керек! Биргеликте көптөгөн нерсеге жете алабыз. Бирге алга!", - деди Таркович.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курама командасы CAFA Nations Cup 2023 — Борбор Азия турниринин биринчи этабында Иран менен Афганистанга каршы ойнойт. Эки беттеш тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Башталышы саат 20:00. Билеттерди онлайн жана "Бишкек парк (М-1 этаж" жана "Дордой Плаза (1-этаж) соода борборлорунан сатып алса болот.

"В" тайпасындагы командалар:

• 10-июнда Кыргызстан — Афганистан;
• 13-июнда Иран — Афганистан;
• 16-июнда Кыргызстан — Иран.

"А" тайпасындагы командалардын оюну Ташкентте өтөт.

• 11-июнда Өзбекстан — Оман, Тажикстан — Түркмөнстан;
• 14-июнда Оман — Тажикстан, Түркмөнстан — Өзбекстан;
• 17-июнда Өзбекстан — Тажикстан, Түркмөнстан — Оман.

Пикир

Оставить комментарий