• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 24-декабрда болот

Коом 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. «Кыргыз кино кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 24-декабрда болот. Коштошуу жөрөлгөсү эртең мененки саат 10.00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Эске салсак, белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болот Шамшиев катуу оорудан кийин 2019-жылдын 21-декабрында 78 жашында жарык дүйнө менен кош айтышты.

Шамшиев Болотбек Төлөнович 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында белгилүү акын жазуучу жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Апасы Авина Мурзаходжаева — белгилүү врач, медицина илимдеринин кандидаты болгон.

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев талыкпаган эмгектеринин арты менен көптөгөн сыйлыктар: Кыргыз ССРнын Ленин комсомол сыйлыгы (1969); Кыргыз ССРнын эл артисти (1975); СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1977); СССРдин эл артисти (1991); III даражадагы «Манас» Ордени (1997); II даражадагы «Манас» Ордени (2006) менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий