• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боом капчыгайында 5-апрелден баштап жол кыймылына чектөө киргизилет

Аймак 0

Бишкек. 04.04.19 /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы участогу (132 км) 5-апрелден 12-апрелге чейин саат 9:00 – 15:00 чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кабарлады.

Маалыматка ылайык, айтылган участокто таштарды күчкө салып түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Бул иштер поезд жана автожол каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жасалып жатат.

Жолдо 30-40 автоунаа чогулуп калса таштарды кулатуу иштери токтотулуп, машинелер өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий