• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боом капчыгайында кырсыкка кабылган унаа толугу менен өрттөнүп, аял киши күйүк алды

Кырсык 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Боом капчыгайында жол кырсыгына кабылган унаа толугу менен күйүп, аял киши күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 114-чакырымында АУДИ 100 S4 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун тосмосун сүзүп, унаадан өрт чыккан.

Жерине 1 бөлүм тартылып, саат 10:03тө өрт чектөөгө алынып, саат 10:05те толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 1986-жылы туулган О.Т. аттуу аял киши денесинен күйүк алды.

Мурдараак Бишкек — Торугарт унаа жолунун 122-чакырымында «Ауди» үлгүсүндөгү унаа бетон тосмону сүзүп, өрт чыккандыгы маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий