• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте дагы бир сквердин курулушу аяктады

Коом 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Бишкектин Байтик баатыр жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде дагы бир сквердин курулушу аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аянты 120 чарчы метрди түзгөн гүлбакчага бордюрлар жана тротуар салынып, 14 даана Б3 сугат лотогу (ар бири 3 метр), отургучтар жана таштанды челектери орнотулду.

Ошондой эле сквердин аймагы жашылдандырылды. Жеринде топурак себилип, газон чөптүн уруктары себилди.

Эскерте кетсек, бул аймак мурда пайдаланылбай, караңгыда балдарга кооптуулук жараткан.

Пикир

Оставить комментарий