• 88.68
  • 95
  • 0.95

Будапешттеги сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талант Кушчубеков Будапешт шаарынын 14-округунун мэри Ч.Хорват менен жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушууда Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги менен мэриянын ортосундагы кызматташуу маселелери, анын ичинде өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары жана 2024-жылга карата пландар талкууланды.

Элчи Кушчубеков Будапешттеги сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылгандыгы үчүн венгер тарапка дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал Венгриянын улуу кыргыз жазуучусунун жаркын элесине камкор мамилесин баса белгилеп, Айтматовдун ысымы ыйгарылгшан сейил бакка жазуучунун эстелигин орнотуу маселесин, ошондой эле паркты мындан ары жакшыртуу пландарын талкуулады.

Мэр Хорват жогоруда айтылган маселелердин баарын чечүү үчүн Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги менен мындан аркы биргелешип иш алып барууга даяр экендигин билдирди.

Маалымат үчүн: 2020-жылдын 29-сентябрында Венгриянын борбору Будапешттин 14-районундагы коомдук бакчалардын бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий