• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары аныкталган Рысалиев кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын жараны Рысалиев Таалайбек Кумашевич Бириккен Араб Эмираттарында аныкталып, кармалды. Ал маркум кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү катышуучусу катары аныкталган. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Интерпол Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте издөөдө жүргөн 48 жаштагы жаран үстүбүздөгү жылдын 21-февралында кармалган.

Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү менен айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы сырттан каралып, камакка алынды.

"Т.Рысалиев маркум кримтөбөл К. Асанбектин жакын адамы болуу менен, анын таасирин туруктуу, мыйзамсыз киреше алуу максатында, тагыраагы түздөн-түз же кыйыр финансылык же башка материалдык пайда алуу максатында жеке менчикке каршы оор кылмыштарды жасоо, ошондой эле башка кылмыштуу ойлорду ишке ашыруу үчүн пайдаланган.

Учурда аны Кыргызстандын аймагына экстрадициялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий