• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Ош шаарында милиция кызматкерлери тоноо менен алектенген топту кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Ош шаарында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тоноо менен алектенишкен топту кармашты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну арыз менен Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылган. Ал өз арызында ушул жылдын 11-сентябрь күнү ал жашаган батирге жарым туңдө белгисиз 6 адам кирип келишип, аны жана бирге жашаган шеригин электрошокер жана бычактар менен коркутушуп, 5 уюлдук телефонун, 2 даана кол саатын, чач кургатуучу фен, кийимдерин жана 2500 сом акчасын тоноп кеткендигин билдирген. Арыздануучу кол салган 5 адамдын арасында 3 кыз болгондугун белгилеген.

Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында, 2022-жылдын 28-февраль күнү бул кылмышка тиешелүү топтун бардык мүчөлөрү ар кайсы райондордон кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалгандар:

- 2004-жылы туулган М.к.Н., Өзгөн районунун тургуну, эч жерде иштебейт:

- М.А., Кара-Суу районунун тургуну, эч жерде иштебейт;

- 2000-жылы туулган С.к.А., Алай районунун тургуну, эч жерде иштебейт;

- А.уулу Н., Өзгөн районунун тургуну, эч жерде иштебейт;

- 2003-жылы туулган А.к.А., Баткен районунун тургуну, эч жерде иштебейт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин ("Тоноо") белгилери менен тергөө иштери улантылууда.

Учурда кармалгандардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, же жоктугу иликтенип жатат.

Пикир

Оставить комментарий