• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Боронов: Ички аба каттамдарды жандандыруу маселеси 25-майдан кийин каралат

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Ички аба каттамдарды жандандыруу маселеси 25-майдан кийин каралат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал учурда коронавирустун жайылып кетүү коркунучу дагы деле бар экенин айтып, ички аба каттамын жандандыруу маселеси карала электигин билдирди. Бороновдун айтымында, азыркы тапта аймактар ортосундагы жол каттамдарына да уруксат бериле элек.

"Бул маселени 25-майдан кийин карайбыз. Негизинен маселе жок. Эгер абал жакшырса бул маселени мөөнөтүнөн мурда чече алабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий