• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боронов кореялык «К-water» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 03.08.19. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Ысык-Көл» эл аралык экономикалык форумунун алкагында суу ресурстары боюнча кореялык «К-water» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Кореянын заманбап смарт-технологияларды колдонуу менен тазалоо курулмалары тутумун, ирригация тутумдарын өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуусу талкууланган.

Муну менен катар компания, өлкөлөр ортосунда маалыматтык технологиялар жаатында адистерди окутуу жана заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү мүмкүндүгү менен тажрыйба алмашууну сунуштаган.

Кубатбек Боронов белгилегендей, Агенттик жана «К-water» компаниясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлган соң, мындан аркы кызматташуу Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги аркылуу жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий