• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров: "Түндүк" Кыргызстанда эң көп жүктөлгөн тиркемелердин катарына кирет

Өкмөт 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. "Түндүк" мобилдик тиркемеси Кыргызстанда эң көп жүктөлгөн тиркемелердин катарына кирет. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Алматыдагы “Digital Almaty” эл аралык форумунда билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы декабрда Кыргызстан санарип документтерди таааныган.

“Мындай чара Кыргызстандын жарандарына жанында кагаз документтерин: идентификациялык картаны, айдоочулук күбөлүгүн жана транспорт каражатынын каттоо күбөлүгүн албай жүрүүгө мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө "Түндүк" мобилдик тиркемеси Кыргызстанда эң көп жүктөлгөн тиркемелердин катарында, TikTok, Instagram жана Facebook сыяктуу платформалардан кийин эле турат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий