• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боронов Ош облусундагы бир катар социалдык объектилердин ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ош облусуна жумуш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Биринчи вице-премьер-министр Алай районунун Күн-Элек айылындагы мектепти пайдаланууга берүү иш-чарасында билим берүү тармагын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин белгиледи.

«Өлкө Президентинин 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы катары жарыялоо жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында аймактардын социалдык-экономикалык абалын оңдоо башкы максаттарыбыздын бири болуп саналат. Коюлган милдеттерге жетишүү үчүн тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. Республика боюнча билим берүү жана башка социалдык объектилердин саны жылдан жылга өсө бермекчи», – деди биринчи вице-премьер-министр жана мектепке Өкмөттүн атынан компьютердик жабдыктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, 225 орунга ылайыкташкан мектептин жаңы имаратынын курулушу 2015-жылы башталган. Учурда мектеп интернетке туташтырылган жана заманбап компьютердик техника менен жабдылган.

Ошондой эле Кубатбек Боронов Алай районунун Ленин айыл өкмөтүндөгү Согонду айылындагы 60 балага эсептелген «Наристе-Согонду» бала бакчасынын ачылыш салтанатына катышты.

Ал балдарга эрте билим алуу жеткиликтүү болсо, алардын ар тараптуу өнүгүүгө жана келечекте ийгиликтүү болууга мүмкүнчүлүгү кеңири болорун белгиледи.

Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Сопу-Коргон айыл өкмөтүнүн Бүлөлү айылынын жаңы курулган административдик имаратынын ачылышына жана Сопу-Коргон айылындагы спорт комплекстин курулушун баштоого капсула салууга катышты.

Пикир

Оставить комментарий