• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Жумабеков: Латвиядан инвестиция тартууну көздөйбүз

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. 15-октябрда төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациянын Латвия Республикасындагы расмий сапарынын алкагында эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу маселелери талкууланды.

Латвия парламенти - Сейманын төрайымы Инара Мурниеце айым Жогорку Кеңештин депутаттарын Рига шаарында жылуу тосуп алды. Тараптар эки өлкө ортосундагы, парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө, мыйзамдарды шайкеч келтирүү, экономикалык, маданий жана билим берүү жаатындагы алакаларды жандандыруу ниеттерин билдиришти.

Ошондой эле, Кыргызстандан Латвия аркылуу Европа Биримдигине экологиялык таза айыл чарба азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу маселелери да козголду.

“Тилекке каршы, буга чейин Кыргыз Республикасы менен Латвия Республикасынын ортосундагы карым-катыш баардык жагынан алганда аксап келген. Жакындан бери КРдин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, андан соң биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов Латвия менен жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкө ортосундагы кызматташуунун жаңы барагы ачылды. Эми биз – парламент өкүлдөрү бул жөрөлгөнү улантып, өкмөттүк деңгээлдеги ар тараптуу кызматташуу сунуштарын колдошубуз керек. Биз Латвиядан инвестиция тартууну көздөйбүз жана парламенттик демократияны өнүктүрүү багытында тажрыйба алмашууга кызыкдарбыз", – деди Дастанбек Жумабеков Сеймадагы жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө.

Ал эми Инара Мурниеце айым өз кезегинде Кыргызстанды Борбор Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп парламенттик башкаруу системасына багыт алган өлкө катары тааный турганын белгиледи.

"Кыргызстан менен экономикалык, соода-сатык жана билим берүү тармагындагы байланыштарды арттыруу сунуштарын колдойбуз. Айрыкча бизди жашыл экономикага ыктаган долбоорлор кызыктырат", - деп кошумчалады Мурниеце айым.

Ошондой эле тараптар парламенттер аралык депутаттык достук топторунун ортосундагы кызматташууну бекемдөө пландарын сүйлөшүштү. Ушул эле күнү эки өлкөнүн парламент жетекчилери Рига шаарынын чок ортосундагы "Эркиндик" эстелигине гүл коюу аземине катышты.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын курамында эл өкүлдөрү А.Шыкмаматов, Д.Исаева, Г.Асылбаева, Ө.Бакиров, Ж.Исаев, Б.Субанбеков жана Кыргыз Республикасынын Белоруссиядагы Атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Э.Ибраимов бар.

Пикир

Оставить комментарий