• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаӊы депутат Тотонов парламентте ант берип, ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Тотонов Нурбек ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында «Альфа Телеком» (ТМ MegaCom) компаниясынын башкы директорлугуна дайындалган Акылбек Жамангуловдун ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова жалпы депутаттардын атынан Нурбек Тотоновду депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ири ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий