• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Парламент министрлер кабинетинин жаңы курамын жана түзүмүн жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар президент Садыр Жапаров сунуштаган министрлер кабинетинин жаңы курамын жана түзүмүн жактырды.

Депутаттардын баары, тактап айтканда, 87си макулдугун берди.

Министрлер кабинетинин жаңы курамы төмөнкүчө:

- Министрлер кабинетинин төрагасы — Акылбек Жапаров;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары — Арзыбек Кожошев;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Азиз Аалиев;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Эдил Байсалов;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы — Камчыбек Ташиев;
- Экономика жана коммерция министри — Данияр Амангелдиев;
- Финансы министри — Алмаз Бакетаев;
- Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министри — Руслан Казакбаев;
- Юстиция министри — Аяз Баетов;
- Транспорт жана коммуникация министри — Эркинбек Осоев;
- Энергетика министри — Доскул Мырзаев;
- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — Динара Кутманова;
- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри — Кудайберген Базарбаев;
- Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри — Азамат Жаманкулов;
- Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
- Билим берүү жана илим министри — Болотбек Купешев;
- Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;
- Коргоо министри — Бактыбек Бекболотов;
- Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев.

Пикир

Оставить комментарий