• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нурланбек Шакиев парламенттин аппараты менен жыйын өткөрдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн парламенттин аппаратынын жетекчилери, бөлүм башчылары жана орун басарлары менен жыйын өткөрдү.

Парламенттен билдиришкендей, жыйынга төраганын орун басарлары Нурланбек Азыгалиев жана Жамиля Исаева катышты.

Нурланбек Шакиев өтүп бара жаткан жылда жасалган иштерге токтолуп, парламенттин ишин алдыга жылдырууда аппарат кызматкерлеринин салымы чоң экенин белгиледи.

Андан тышкары, жыйында Жогорку Кеңештин ишин уюштуруудагы айрым маселелер талкууланып, кийинки жылда жасалуучу иштер тууралуу сөз болду. Тагыраагы, парламенттин ишин өркүндөтүү боюнча бир катар сунуш-пикирлерлер айтылды.

Пикир

Оставить комментарий