• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дастанбек Жумабеков Кара-Буура райондук ооруканасынан кабар алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.09.20 /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кара-Буура райондук ооруканасына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Сапарынын алкагында төрага жакында ачылышы күтүлүп жаткан жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу менен таанышты.

Оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү көп сандагы оорулууларды кабыл алууга жана жаңы медициналык жабдууларды жайгаштырууга ылайыксыз болгон. Ал эми жаңы курулуп жаткан имарат бардык талаптарга жооп берип, керебеттердин санын кыркка чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Парламент башчысы жергиликтүү жетекчилерди өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алып, оорукана имаратын тез арада бүткөрүп колдонууга берүүгө чакырды. Муну менен катар тиешелүү маселелерди чечүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Ошондой эле медициналык кызматкерлер менен болгон жолугушууда төрага коронавирус илдети менен күрөшүүдөгү көрсөткөн күжүрмөн эмгеги үчүн аларга ыраазычылык билдирди. Андан сырткары, саламаттык сактоо тармагы реформаланарын айткан Дастанбек Жумабеков медицина кызматкерлеринин эмгек шартын жакшыртуу жаатында өкмөт тарабынан алгылыктуу аракеттер көрүлүп, республика боюнча ооруканаларды оңдоо жана куруу иштери жигердүү жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий