• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылды

Маданият 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Кечээ, 15-октябрь күнү Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

"Эсимде" аталышындагы көргөзмө Сүймөнкул Чокморов менен анын жубайы, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Салима Шабазованын элесине арналган. Көргөзмө актердун уулу Бактыгул Чокморовдун демилгеси менен өткөрүлүүдө.

Көргөзмөдө Чокморов тарткан сүрөттөр жана архивдик сүрөттөр коюлган.

Белгилей кетсек, быйыл 9-ноябрь күнү СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов 80 жашка чыкмак. Алдыда, 17-ноябрь – Кыргыз кино күнүндө Чокморовдун 80 жылдык мааракеси белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий