• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

"Мейкин Азия" эл аралык фестивалын “ТРТ Аваз" каналы түз эфирде көрсөтөт

Маданият 0

Бишкек, 20.08.23./Кабар/. Бүгүн, 20-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Мейкин Азия" III эл аралык фестивалын "ТРТ Аваз" каналы түз эфирде көрсөтөт. Мындай мүмкүнчүлүк аркылуу көгүлтүр көл жээгинде өтүп жаткан фестивалды дүйнөнүн 25 өлкөсү түз эфирде көрө алат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, түз эфир КРнын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы аркылуу ишке ашат.

Бүгүн аталган фестивалдын жыйынтыктоочу гала-концерти, жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылат. Башталышы саат 20:00.

Белгилей кетсек, популярдуу музыка аткаруучулардын "Мейкин Азия" III эл аралык фестивалы 18-августта старт алган.

Фестивалдын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр, Босния жана Герцоговина, Россия, Болгария, Түндүк Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен келген 18 жаштан 35 жашка чейинки таланттуу жаш эстрада ырчыларынын конкурсу өтүүдө.

Жалпысынан сынакка дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 17 талант катышууда.

Мындан тышкары, ата мекендик жана чет элдик белгилүү аткаруучулар өз өнөрлөрүн тартуулашууда.

Пикир

Оставить комментарий