• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаманкулов аймактарга болгон иш сапарынын алкагында Ак-Дөбө археологиялык эстелигине барды

Маданият 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов иш сапары менен Талас облусуна барды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министр иш сапардын алкагында министр Талас районуна караштуу Ак-Дөбө археологиялык эстелигине барып, объектини жеринен көрүп, мыйзамда каралган ченемдер аткарылбай жатканына токтолду. Анда акыркы жылдары Ак-Дөбө эстелигинин аймагы Талас шаарынын жергиликтүү тургундары тарабынан максатсыз пайдаланылып, сөөк коюлуп, көрүстөнгө айланып бара жаткандагы айтылды. Андыктан тез аранын ичинде бул мыйзамсыз иштерге бөгөт коюп, көрүстөн катары пайдалануучуларды жоопкерчиликке тартуу иш-чараларын ар тараптан күчөтүү керектигин, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын маданий мурастары сактоого жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Эске салсак, өкмөттүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине Талас районунун аймагынан 19 кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объекттер катталган. Алардын арасынан 13 объект археологиялык эстелик болуп саналат.

“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоонун жана пайдалануунун тартибин бузган күнөөлүү болгон мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар Жазык кодекси, Бузуулар жөнүндө кодекс жана Жоруктар жөнүндө кодекстеринин укуктук ченемдик актыларынын тартибинде жоопкерчиликке тартылат.

Пикир

Оставить комментарий