• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Боронов улуу муундун өкүлдөрүн Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов улуу муундун өкүлдөрүн 1-октябрь - Эл аралык карылар күнү менен куттуктады.

"Карысы бардын ырыс бар деп улууну урматтоо жана аларга сый көрсөтүү кылымдар бою элибиздин маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп келген. Кары адамдарга кам көрүү бүгүнкү күн менен эле чектелип калбашы керек. Карылар дайыма колдоого жана жардам берүүгө муктаж жана татыктуу. Карыганда берсин дөөлөттү демекчи урматуу улуу муундун өкүлдөрү баарыңыздарга чын ден соолук, бейпилдик, бактылуу карылык, жакындарыңыздын жылуу мамилесине бөлөнүп, узак өмүр сүрүүңүздөрдү каалайм. Өкмөттүн жана өзүмдүн атымдан сиздерди 1-октябрь - Эл аралык карылар күнү менен куттуктайм", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий