• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ботаникалык бакчаны Азия тоо бакчасы катары калыбына келтирүү пландалууда – КР Билим берүү жана илим министрлиги

Коом 0

Бишкек, 11.09.17. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын төрайымдыгы алдында ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынында 2016-2017-жылдарга карата иш чаралардын планы жана Ботаникалык бакчаны Азия тоо бакча катары калыбына келтирүү долбоору талкууланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ботаникалык бакчанын видео байкоо системасын жабдуу, өрт коопсуздугун камсыздоо, ирригациялык инфраструктураны өткөрүү, административдик имаратын оңдоо ж.б. маселелер каралды. Бакчанын аймагында мектеп окуучуларына жана студенттерге тажрыйбалык сабактарды өтүүнү уюштуруу сунушталды.

Ошону менен бирге ведомстводон учурда Ботаникалык бакчада мектептердин жана ЖОЖдордун деңгээлинде ар кандай акциялар өткөрүлүп жатканы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий