• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында акыркы суткада 33 кылмыш катталды — милиция

Коом 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Ош шаарында абал туруктуу, - деп билдирет Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бардык мекеме–ишканалар, соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар кадимки тартипте иштеп жатат.

"Милиция күчөтүлгөн тартиптеги кызматын улантууда. Акыркы суткада Ош шаарында 33 кылмыш жана окуя катталып, алардын 29унун бети изи сууй электе ачылган", - деп айтылат маалымат.

Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоо боюнча жергиликтүү бийлик органдары, элдик кошуундар менен кылмыштуулуктун, жугуштуу илдеттин алдын алуу боюнча кызматтарын улантышууда.

Пикир

Оставить комментарий