• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бразилияда коронавирус жуктургандардын саны 1 млн адамга жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Бразилияда коронавирус жуктургандардын саны 978 миң 142 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, Бразилияда илдеттен 534 миң 580 адам айыкты. Каза болгондордун саны 47 миң 748 жаранга жетти.

Коронавирусту АКШда − 2 млн 191 миң 200 киши, Россияда − 568 миң 292, Индияда − 380 миң 532, Улуу Британияда − 301 миң 935, Испанияда − 245 миң 268, Перуда − 244 миң 388, Италияда − 238 миң 159, Чилиде − 225 миң 103, Иранда − 197 миң 547, Францияда − 195 миң 272 адам жуктурган.

Ал эми дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 8 млн 507 миң 721 адамга жетти. Коронавирусту жуктургандардын ичинен 4 млн 174 миң 429 адам айыкса, 454 миң 359 киши каза болду.

Пикир

Оставить комментарий