• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БШКга депутаттык мандаттан баш тартуу боюнча Бабановдон арыз түштү

Саясат 0

Бишкек, 19.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясына “Республика - Ата-Журт” фракциясынан депутат Өмүрбек Бабановдон депутаттык мандаттан баш тартуу тууралуу арыз келип түштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШКнын өкүлү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, Бабановдун колу коюлган арызды анын ишенимдүү адамы алып келген.

“Негизинен бизге мандаттан баш тартуу боюнча арыз түштү жана фракциядан Бабанов аны кайрадан артка кайратып албай тургандыгын билдирген кепилдик каты келди. Бабанов арызга 8-январда кол койгон, ал эми жөнөтмө катка 17-январда кол коюлган”,-деп билдирди ал.

Боршайкомдун мүчөлөрү келип түшкөн арыздын негизинде Өмүрбек Бабановду депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу маселени бүгүн карашы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий