• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БШКнын төрайымы болуп кайрадан Нуржан Шайлдабекова шайланды

Коом 0

Бишкек, 02.07.21./Кабар/. КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) төрайымы болуп кайрадан Нуржан Шайлдабекова шайланды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-июлда КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жаңы курамынын биринчи жыйналышы болуп өттү.

Жыйналышты БШКнын жаш курагы боюнча улуу мүчөсү Анар Дубанбаева ачты.

“КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына ылайык биринчи жыйналышта төраганы жана анын орун басарларын шайлоо маселеси чечилет.

БШК мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн натыйжасында Нуржан Шайлдабекова 11 добуш менен КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы болуп шайланды.

Тынчтык Шайназаров менен Нурлан Койчукеев КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымынын орун басарлыгына шайланышты.

Пикир

Оставить комментарий