• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин маалымат катчысы Исаков менен Рамоновдун октябрь окуялары учурундагы сүрөтүн жарыялады

Коом 0


Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен кримчөйрөнүн өкүлү Мурат Рамоновдун 2020-жылдагы октябрь окуялары учурунда чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Сүрөттө "Машина белек кылган учурда түшкөн сүрөтү. 6-октябрь, 2020-жыл" деп жазылган.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде кримтөбөл Камчы Көлбаев 2020-жылдагы октябрь окуяларында Сапар Исаковго колдоо көрсөтүп тургандыгын айтты.

"6-октябрь күнү Камчы Көлбаев Сапар Исаковго “Атамбаев экөөңөр мына ушул унаа менен жүргүлө” деп зооттолгон "Мерседес" унаасын белек кылган. 8-октябрь күнү Камчы Көлбаев жеке өзү кримчөйрөнүн балдарына “Сапар Исаков менен Атамбаевдин группасын колдогула” деген кабар таратып, буйрук берген", - деди президент.

Ошондой эле мамлекет башчысы кечээ жакында аталган зооттолгон унаа жер төлөдөн табылгандыгын кошумчалады.

"Унаанын кожоюну, кримчөйрөнүн өкүлү Мурат Рамонов көрсөтмө берип, Сапар Исаковго кайсы дарекке, кайсы убакта Камчы Көлбаевдин тапшырмасы менен алып барып бергенин (6-октябрь күнү) айтып берди", - деди Садыр Жапаров.


Эске салсак, Бишкекте атайын операция учурунда кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынган.

Пикир

Оставить комментарий