• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Октябрь окуяларында Садыр Жапаровду кримчөйрө колдогонбу? Президенттин жообу

Президент 0

Бир нече күндөн кийин Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине туура үч жыл болот. Бул аралыкта бир топ алгылыктуу иштер жасалып, өлкөбүз ишенимдүү кадамдар менен келечекке карай багыт алды. Бирок ага карабастан коомчулукта үч жыл мурдагы октябрь окуяларын, президенттик шайлоону шарттаган жагдайлар тууралуу азыркыга чейин ар кандай кептер айтылып келет. Президент Садыр Жапаров көптөн бери айтылып келе жаткан жоромолдорго "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде жооп берди.

— Жакында ант берип, президенттик кызматка киришкениңизге туура үч жылдын жүзү болот. Ошол датага карата жыл сайын ошол президенттик шайлоону шарттаган окуялар тууралуу ар кандай сөздөр чыга калып жүрөт. Анын бири криминалга байланыштуу, тагыраагы, 2020-жылдагы октябрь окуясында кылмыш чөйрөсүнүн аталыгы аталган Камчы Көлбаев сизге ошол күндөрдө колдоо көрсөткөнүн соцтармакта жазгандар болгон. Ошол окуяларда Көлбаев чын эле сизди колдоду беле?

— Жок. Ал мени колдогон эмес, ачык эле айтайын, Сапар Исаковду колдогон. "Криминалдар Садыр Жапаровду колдоп атат" деген жалган маалыматты ошол мезгилдеги менин оппоненттерим жана “Азаттык” тараткан. Алардын планы мени элге жаман көрсөтүп, шайлоого чейин оюндан чыгарыш болчу. Бирок 10-15 жыл мурдагыга караганда 2020-жылы элдин көзү ачылып калган эле. Андай ушактарга ишенбей калышкан. Кандай маалымат болбосун, өздөрү талдап, тактап, чын-бышыгын билип алышчу. Жыйынтыгында көпчүлүк эл менин талапкерлигимди колдоп, президенттик кызматка шайланып калдым.

— "Камчы Көлбаев мени эмес, Сапар Исаковду колдогон" деген сөзүңүзгө аргументтер барбы? Кантип далилдей аласыз?

— Ага толук далилдер бар. Ошол мезгилде эле Камчы Көлбаев Сапар Исаковду колдоп жатканын билгенбиз. 6-октябрь күнү Камчы Көлбаев Сапар Исаковго “Атамбаев экөөңөр мына ушул унаа менен жүргүлө” деп зооттолгон "Мерседес" унаасын белек кылган.

8-октябрь күнү Камчы Көлбаев жеке өзү кримчөйрөнүн балдарына “Сапар Исаков менен Атамбаевдин группасын колдогула” деген кабар таратып, буйрук берген. Биз андай маалыматтарды ИИМдин атайын бөлүмү аркылуу телефон сүйлөшүүлөрүнөн угуп турганбыз.

Алар - криминалдар: “Бардык күчтөр бирикти, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жалгыз калышты, элдин баары Сапар Исаковду колдошот, ал президент болот” деп, 8-октябрь күнү өздөрүнчө жыйынтык чыгарып алышкан. 9-октябрь күнү бардык күчтөр биригип, анан бизге каршы аянтка чыгышпадыбы.

Эсиңерде болсо, ошол күнү карапайым эл “бириккен күчтөрдү” аянттан кубалаганда Сапар Исаков менен Атамбаев Камчы Көлбаев белек кылган зооттолгон унаа менен аянттан качышкан. Ошондо белгисиз бир киши травматикалык тапанча менен унааны эшикке аткан. Ал унаа ушул күнгө чейин бир жер төлөдө сакталып туруптур. Желим ок тийген эшиги оңдолбостон, ошол эле бойдон экен.

Кечээ жакында жер төлөдөн табылып, унаанын кожоюну, кримчөйрөнүн өкүлү Мурат Рамонов көрсөтмө берип, Сапар Исаковго кайсы дарекке, кайсы убакта Камчы Көлбаевдин тапшырмасы менен алып барып бергенин (6-октябрь күнү) айтып берди. Ошол үчүн толук далилдер бар деп айтып жатам.

— Оппоненттериңиз го түшүнүктүү, сизди элге жаман көрсөтүү үчүн Садыр Жапаровду кримчөйрө колдоп атат деп каралашты дейли. Ал эми “Азаттыкка” эмне болду?

— Алар менин бийлик башына келишиме караманча каршы турушту. Сырткы кожоюндарынан “каршы тургула” деген буйрук алыштыбы, ким билсин. Айтор, Садыр Жапаровду жалаң "зектер" колдоп атат деп аянтка чогулган жөнөкөй элдин баарын "зектер" деп, дүйнө жүзүнө жар салышты. Аянтка чогулган эл мындай жалаа жапкан маалыматка жинденип, “Азаттыкты" талкалайбыз, өрттөйбүз” деп кеңсесине жөнөп калышкан экен, “Койгула, сабыр кылгыла” деп араң токтотуп калгам.

Ошондон кийин эл “Азаттыкты” жек көрүп калды. Азыр кыргыз эли "Азаттыктын" көпчүлүк маалыматтарына ишенбейт. Сырттан каржылаган кожоюндарынын буйругун аткарат деп билишет. Эл азыр 20-30 жыл мурдагыдай эмес, такыр башка. Кимдин ким экенин, кандай жакшы иштер жасалып жатканын, кандай кемчиликтерибиз бар экенин эч кимге айттырбай эле беш колундай билет.

Маектешкен "Кабар" КУМА директору Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий